Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 52,4 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 52,4 миллион доллар бөлөт.

 

Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда жактырылды.

 

Ага ылайык, берилген сумманын 45 миллион доллары насыя болсо, калган бөлүгү гранттык каражат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, акча селден коргоочу курулуштарды реконструкциялоого, дамбаларды курууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө жана зарыл жабдууларды сатып алууга багытталат.