Германияда Ангела Меркелдин образында мамалак оюнчук чыгарылды

Германияда Ангела Меркелдин образында мамалак оюнчук чыгарылды.

Кобург шаарынын жумшак мамалактар фабрикасы өндүргөн оюнчуктун

баасы 189 еврого бааланат жана ал Меркелдин канцлер кызматынан

кетүү урматына арналат. Мамалак оюнчук Меркелге окшоп кийинген жана

колдору дагы белгилүү прототибге ылайык бармактары биригип турат.

Коллекциялык мамалактардын болгону 500ү гана пайда болот, анын

бирөө 16-номур менен Меркелге белекке берилет. Бул сан анын канцлер

кызматында канча жыл иштегенин түшүндүрөт. Ушундай эле мамалак

буга чейин АКШнын экс-президенти Барак Обамага дагы арналып чыгарылган.