Японияда үйдөн иштегендер үчүн атайын кийим чыгарылды

Японияда үйдөн иштегендер үчүн атайын кийим чыгарылды. Ал кесиптештер менен, жетекчилик менен видео байланышка чыгууда ыңгайлуу. Кийим кадимки классикалык пиджактай болуп көрүнгөнү менен, чынында ал жумшак пижама.

 

Бул жаңычылдыктын баасы биздин акча менен миң 800 сомду түзөт. Бирок пижама толук кандуу пиджактай болуп көрүнүшү үчүн ичинен ак көйнөк же кофта кийүүгө туура келет.