Саламаттыкты сактоо министрлигинен эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты
кайсы жерден алса болорун айтып беришти. Бул үчүн алгач vc.emed.gov.kg сайтындагы
«Сертификат» бөлүмүнө кирүү керек. Кыргызстандыктар персоналдык жеке номерин,
ID-картанын сериясын жана номерин көрсөтөт, ал эми чет элдиктер паспорттун
номери менен аты-жөнүн жазат. Сертификат PDF форматында жана
индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат.