Көк-бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди

Көк-бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

 

Анын айтымында, чечим 20-майда кабыл алынды. Оюндар жалпы 20 спорттун түрү боюнча өтөт. Анын ичинде алыш жана белбоо бар. Кыргызстандан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 280 спортчу катышат. Эске салсак, спорттук-маданий иш-чара Астанада 8-сентябрдан 14үнө чейин өтөт.