Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын жети миллионунчу жаранына өзүнүн алтын медалын тартуулады.
Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
1980-жылкы Олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.
Ал баланын келечекте чыгаан спортчу болушун каалады.
Эске салсак, өлкөнүн жети миллионунчу жараны фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө 19-октябрга караган түнү төрөлгөн.