Казакстанда полиция экипажы кыргызстандык айдоочулардын өмүрүн сактап калды

Казакстанда полиция экипажы кыргызстандык айдоочулардын өмүрүн сактап калды. Эки мекендеш Павлодар-Нур-Султан жолу менен Россияга бет алышкан.  40 градустун сууктан унаанын күйүүчү майы тоңуп калып, кыргызстандыктар түнү менен трассада калышкан.

 

Аларга полиция кызматкерлери келгенде, айдоочулар жардамдан үмүт үзгөнүн моюндашты.

 

Кыргызстандыктар жылынып алуучу атайын түйүнгө жеткирилип, жүк ташуучу унаасы дагы жылуу бокско токтотулду. Андан кийин гана айдоочулар сапарын улантышты.