Кийинки жылы Кара-Кече көмүр кенине барчу туруктуу жол курулат

Кийинки жылы Кара-Кече көмүр кенине барчу туруктуу жол курулат.

Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев novosti.kgге билдирди.

Анын айтымында, унаа жана жолдор министрлиги кийинки жылы курулушту планга киргизип,

долбоорун даярдап, бардык талаптарга жооп бере турган жол куруп берет.

Узундугу 3 чакырым 100 метрди түзөт. Эске салсак, августта Дыйкан –Кара-Кече

унаа жолунун 37-чакырымына тоо көчкөн. Жолдор тазаланып, убактылуу жол курулган.

Учурда убактылуу трассадан күнүнө 300 унаа көмүр чыгарылууда.