Клиникалар бейтапты кабыл алуудан баш тартпайт

Клиникалар бейтапты кабыл алуудан баш тартпайт

КОВИД-19га чалдыккандарды жакындары ооруканага алып келсе болот.

Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ишендирүүдө.

Анын айтымында, тез жардам унаалары жетишпей жатканына байланыштуу жарандар

вируска чалдыккан жакын адамдарын жеке унаада стационарга жеткирсе болот.

Чиновник белгилегендей, бейтаптарды ооруканага жаткыруу клиникалык абалына жараша болот.