“Коопсуз шаар” камералары турган тилкелерде жол инспекторлору турууга укугу жок

“Коопсуз шаар” камералары турган тилкелерде жол инспекторлору турууга укугу жок. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов жарыялады.

 

Бирок, ал белгилегендей, эрежеге каршы чыккан учурлар болот. Алсак, эгер кызматкер камера каттабай турган бузууларды аныктаса, протокол түзө алат. Мындай бузууларга курду тагынбоо, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу же унааны мас абалында башкаруу кирет.