Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймактарда милициянын көзөмөлү күчөтүлөт

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймактарда милициянын көзөмөлү күчөтүлөт. Чечим Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүдө кабыл алынды.

 

Ошондой эле, тактала элек аймактарда курулуш, эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп туруу макулдашылды. Эске салсак, 8-майда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, биздин өлкөнүн 3 чек арачысы, 1 жергиликтүү тургун жараат алып, ооруканага жеткирилген.

 

Жаңжалга Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги тактала элек аймактагы жер талашуу себеп болгон.