Кыргызстан аэропорттору тышкы башкарууга кандай шарт менен берилери белгилүү болду

Кыргызстан аэропорттору тышкы башкарууга кандай шарт менен берилери белгилүү болду.

«Манас эл аралык аэропорту» бардык акциялары жана инфраструктурасы толугу менен

Кыргызстандын колунда калат. Учурда аэропортторду тышкы башкарууга берүү

долбооруна тиешелүү документтерди даярдоо менен Эл аралык финансы

корпорациясы алектенүүдө. Эске салсак, Кыргызстандагы бардык аэропорттор,

анын ичинде «Манас» менен «Ош» ири аэропортторун тышкы башкарууга берүү

пландалып жатканын биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирген.

Муну менен бийлик Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны

бириктирген транзиттик түйүнгө айландырууну каалап жатат.