Кыргызстан дагы башка өлкөлөр менен аба каттамдарды жандантуу маселесин карап жатат

Кыргызстан дагы башка өлкөлөр менен аба каттамдарды жандантуу маселесин карап жатат.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирет.

Анын айтымында, учурда россиялык жана казакстандык аба түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле аба жолдорун ачуу боюнча Кувейт жана Өзбекстан бизге өз сунуштарын жиберишти.

Эми аны ачуу маселесин республикалык штаб чечет. Белгилеп кетсек, учурда Бишкек – Дубай – Бишкек,

Бишкек – Анталья – Бишкек жана Бишкек – Стамбул – Бишкек боюнча туруктуу аба жолдору уюштурулуп жатат.