Кыргызстан менен Кытай 1,5 млрд долларлык келишимдерге кол койду

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

 

Маалыматка ылайык, келишимдер Үрүмчүдө өткөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында жетишилди. Документтер логистика, машина куроо, соода жүгүртүү, тоо-кен, энергетика, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарга тиешелүү.

 

Кызматташуунун суммасы 1 млрд 500 млн долларга бааланууда.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.