Кыргызстан “Печора-2БМ” зениттик ракеталык комплексин сатып алды. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жарыялагандай, аскер техникасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдан бери жүргүзүлүп келген.
“Печора-2БМ” зениттик ракеталык комплекси – заманбап технологиялары менен жаңы система. Ал жакынкы арада өлкөгө жеткирилип, андан кийин Баткенге жөнөтүлөт.