Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан маянаны жогорулатуу 300 миңден ашык адамга тиешелүү болду.

 

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров азырынча күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй турганын билдирген. Ал белгилегендей, учурда салык жана бажы кызматтары бардык пландарды аткарууда.

 

Эгер каражат чогултуу ушул эле көрсөткүчтө уланса, анда мамлекеттик кызматкерлердин башка категорияларына дагы маянасын жогорулатуу 1-августтан тарта мүмкүн болот.