Кыргызстанда 12 медициналык препаратынын жетишсиздиги байкалууда

Кыргызстанда 12 медициналык препаратынын жетишсиздиги байкалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

 

Анын айтымында,   бүгүнкү күндө пайдаланылып жаткан 56 аталыштагы дарынын 12сине муктаждык жаралууда. Бул алар такыр жок дегенди түшүндүрбөйт, азырынча бар, бирок биз көбүрөөк камдашыбыз керек. Ал эми калган позициялар боюнча үч айлык запас бар, бул жаатта иштеп жатабыз, — деди Каратаев.