Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 10 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 10 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош облусунда 4 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 745ке жетти.