Кыргызстанда «Ден соолук» уюлдук тиркемеси иштеп баштады

Кыргызстанда «Ден соолук» уюлдук тиркемеси иштеп баштады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдиргендей,

тиркемеден ар бир жаран эмдөө тууралуу маалымат алып, жашаган жерине жакын

жайгашкан эмдөө түйүндөрүн таап, вакцинацияга жазылса болот. Ошондой эле,

эмделгендерде кандайдыр бир терс таасирлер байкалса дарыгерге кабарлоо функциясы бар.

Тиркемени Google Play жана App Store аркылуу жүктөсө болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда

705 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү. Учурда өлкөдө Спутник V, Sinopharm жана

AstraZeneca вакциналары менен массалык эмдөө жүрүп жатат.