Кыргызстанда мугалимдер 8-апрелге чейин үйлөрүнө кое берилди

Кыргызстанда мугалимдер 8-апрелге чейин үйлөрүнө кое берилди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү отчёттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулганына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да ошол мөөнөткө чейин үйүнө жөнөтүлдү.