Кыргызстандык балбан кыздар эл аралык белдеште 4 медель жеңишти.
Күрөш федерациясынан билдиришкендей, Калмира Билимбекова жана
Сезим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Ал эми Айжан Сабырбек кызы жана
Бермет Нуридин кызы үчүнчү орунду ээлешти. Турнир
Түркиянын Стамбул шаарында 28-30-май аралыгында өттү.