Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделе баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, Европа өндүрүшүндөгү препараттын 40 миң дозасын Азербайжан гуманитардык жардам катары берген. Июлдун аягында эл аралык COVAX программасынын алкагында ушул эле препараттын дагы 220 миң дозасы келиши күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин кыргызстандыктар Кытайлык Sinopharm, россиялык Sputnik-V вакциналары менен эмделип жаткан.
Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделе баштайт
Буга чейинки жаңылык: Кыргызстанда августта күйүүчү май дагы 4 – 5 сомго кымбатташы күтүлүүдө
Кийинки жаңылык: АКШда салмагы 45 килограммдык сейрек балык кармалды