Кыргызстандын 79 айылы жыл аягына чейин таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандын 79 айылы жыл аягына чейин таза суу менен камсыздалат. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, калк жашаган түйүндөргө суу өткөүү үчүн каражат республикалык бюджеттен жана донорлордун колдоосу менен бөлүнөт.

 

Анын ичинде Кытай, Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык демөөрчүлөр бар. Буга чейин таза суу өткөрүүгө 252 миллион сом бөлүнгөн. Дагы ушундай эле сумма жакынкы арада берилет.