Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына жаңы машыктыруучу дайындалды

Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

 

Ал Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.

 

Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

 

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген. Максим Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.