Кыргызстанга 7 компьютердик томография алынып келинет

Кыргызстанга 7 компьютердик томография алынып келинет.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, медициналык жабдуулар облустарга таратылат. Мындан тышкары,

Глобалдык фонддун долбоорлору боюнча үнөмдөлгөн каражатка Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана

Япониянын грантынын негизинде Улуттук госпиталга да компьютердик томография орнотулат.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир аймакка компьютердик

томография аппаратын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берген.