Кыргызстанга Россиядан 50 медицина кызматкери келди.
Адистерден турган 5 медициналык топко хирург, кардиолог, терапевт, педиатр,
травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор жана
башка адистер кирет. Алар Кыргызстанда 1 ай аралыгында COVID-19 менен ооруган
бейтаптарга жардам беришет. Дарыгерлер эртеңден тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад,
Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштей башташат.