Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүгүн, 6-июнда башталат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүгүн, 6-июнда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Белгилеп кетсек, темир жол биздин өлкө аркылуу Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал Абад каттамы менен өтөт. Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат.

 

Муну менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланмакчы. Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган долбоор өлкөгө 25 миллиондон 50 миллион долларга чейин пайда алып келерин айткан.