Кытайда эми жаш балдар дагы вакцина алат

Кытайда эми жаш балдар дагы вакцина алат. Мындан ары CoronaVac препараты менен

3 жаштагы баладан тартып 17ге чейинки өспүрүмдөр эмделет.  Препарат клиникалык

сыноодон өттү. Жыйынтыгында вакцина балдардын организминде коронавируска каршы

иммунитетти пайда кылды. Анын терс таасири жеңил өтөт. Белгилеп кетсек, учурда дүйнө

боюнча вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдар гана алат. Артыкчылык эл менен

көп байланышта болгон кесип ээлерине жана улгайган адамдарга берилүүдө.