Мамлекеттик ипотекалык компания берген насыялардын пайыздык чени төмөндөтүлөт

Мамлекеттик ипотекалык компания берген насыялардын пайыздык чени төмөндөтүлөт. Уюмдан билдиришкендей, пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотекалык насыялар боюнча 8-10 пайыздан 7-9 пайызга чейин азайтылат.

 

Ошондой эле “Жеке турак жай куруу” механизми боюнча берилген насыялардын жылдык пайыздык чендери да 8-12 пайыздан 7-11 пайызга төмөндөтүлөт.