Мугалимдер онлайн-сабактарды өткөрүүдөн баш тартса, арызданса болот

Мугалимдер онлайн-сабактарды өткөрүүдөн баш тартса, арызданса болот. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтмымында, мугалимдер онлайн сабактарды өтпөй жатат деген билдирүүлөр социалдык тармактарда пайда болду.

 

Мындай арыздарды 0709 24 02 84 номерине жазып койсо болот. Эске салсак, 18-январдан тарта ордо калаада 1-5-9-11-класстын окуучулары мектепке барып окуп баштады. Ошол эле учурда үйдөн да билим алса болот.

 

Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт.