Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 27-майда саат 22:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришкенин ӨКМ жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 3 балл, Чоң-Дөбө, Лама

айылдарында 2,5 балл, Куйручук айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.