Нарын облусунун Жумгал районундагы тургундар үчүн жаңы спорттук аянтча пайда болду

Нарын облусунун Жумгал районундагы тургундар үчүн жаңы спорттук аянтча пайда болду.

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, Баш-Кууганды айылында хоккей аянты курулду.

Негизги жумуштар учурда жыйынтыкталды. Эми абанын температурасы жогору болгон учурда

анда ролик тебүүгө жана музду тоңдуруу үчүн керектүү жабдуулар орнотулат.

Курулушка жергиликтүү бюджеттен 940 миң сом бөлүнүп берилди.

Быйылкы хоккей мелдештери да ушул айылда уюштурулат.