Нарын шаарында кечээ жүргөн сел бир катар турак жайларды каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чыргайлуу жана
Көтөрмө көчөлөрүндөгү 4 үйдү суу каптады. Жерине 40 куткаруучу тартылып,
тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле суу каналынын багыты да башка багытка бурулду.