Ордо калаада эс алуу аймактарын куруу уланууда

Ордо калаада эс алуу аймактарын куруу уланууда. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда көрктөндүрүү иштери Токомбаев-Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде жайгашкан “Балалык” скверинде жүрүүдө. Парктын жалпы аянты 10 гектардан ашат.

 

Анда фонтандар, веложолчолор, отургучтар пайда болот. Долбоордун жалпы баасы 75 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүндү.