Ош шаарында башаламан унаа токтотуу аянтынын ордуна гүл отургузулат.
Кеп, Бекмамат Осмонов көчөсү тууралуу болуп жатат. Учурда анда көрктөндүрүү
иштери башталып, жолдун оң тарабына 12 гүл клумбасы орнотулду, — дешти
түштүк калаа мэриясынан. Жалпысынан 16 клумба коюлат. Ошондой эле алардын
ортосунда гүл аянтчасы болот. Ал эми жолдун сол тарабына ийне
жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, гүлдөр эгилип, газон төшөлөт.