Ош шаарынын аэропорту алдыңкы 5 жылда көчүрүлбөйт

Ош шаарынын аэропорту алдыңкы 5 жылда көчүрүлбөйт. Бул тууралуу парламент отурумунда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.

 

Анын айтымында, өлкө башчы администрациясы менен биргеликте аба майданды 5 жыл ичинде көчүрбөй туруу чечими кабыл алынды.

 

Эске салсак, өткөн жылдын май айында президент администрациясы Ош жана Жалал-Абад аэропорттору башка райондорго көчүрүлөт деп жарыялаган болчу.