Ош шаарынын базарларында күчөтүлгөн дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын базарларында күчөтүлгөн дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Санитардык тазалоого ошондой эле соода түйүндөрү, тейлөө кызматын көрсөткөн объектилер дагы кошулду.

 

Дезинфекция иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын адистери тартылды. Андан тышкары, атайын комиссиялар базарларда, объектилерде күн сайын рейддерди жүргүзүүдө.