Ош жана Жалал-Абад облустарында 5 мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар Ош облустар аралык бириккен ооруканасында, тери-венерология борборунда, Ноокат Жалпы дарыгерлик практика борборунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун базасында иштейт.
Өлкө боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 74кө жетти, аларда дары-дармектин 2,5 миң түрү жеткиликтүү баада сатылат.