Референдумдун алдын ала жыйынтыгы шайлоо тилкелери жабылгандан  1,5 сааттан кийин белгилүү болот

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы шайлоо тилкелери жабылгандан  1,5 сааттан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kg ге БШК төрайымынын орун асары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Ал эми расмий жыйынтыктар тууралуу айта турган болсок, аларды Боршайком добуш берүүдөн кийин 20 күндүн ичинде жарыялашы керек. Тагыраак айтканда, февралдын башында. Эске салсак, референдумга кыргызстандыктар мамлекет башкаруусу парламенттик же президенттик боло турганын тандайт. Эки системага тең каршы вариант дагы бар.

 

Референдум менен президенттик шайлоолор бир күндө – 10-январда өтөт.