Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

 

«Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы «Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу» болуп саналат. Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат», деп Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.