Синоптиктер Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөрүн эскертишет.
Маалыматка ылайык, 6-марттан тартып ордо калаада суук болот.
Шамалдын ылдамдыгы жогорулап, жамгыр жаайт. Аба-ырайынын
өзгөрүшү эртең кечтен тартып сезилет. Жекшембиге караган түнү
нөшөрлөп жаан жаайт. Мындай аба-ырайы кийинки жума бою сакталат.
Жылуу күндөр кайра 13-марттан тартып кайтып келет.