Түп районунун Ичке-Суу айылынын такси кызматы тез жардам катары ишке тартылды.
Жергиликтүү администрацияга таянуу менен “Турмуш” басылмасы билдиргендей,
вирус күч алган убакта аймактык 5 такси кызматкери калкка акысыз тейлөө көрсөттү.
Учурда алар тыныгууда. Кайрадан жардамга муктаж жарандар болсо, айдоочулар
иштерге тартылат. Белгилеп кетсек, аймактык фельдшердик акушердик түйүндө
2 медайым жарандарга кызмат көрсөтүп келет.