Түркиянын Анкара шаарында IV эл аралык искусство фестивалында кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Түркиянын Анкара шаарында IV эл аралык искусство фестивалында кыргызстандык

сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Болотбек Мамбетов, Үмүт Мамбетова жана

Азизбек Сулаймановдун эмгектери коюлду. Кыргызстандык сүрөтчүлөр менен катар

көргөзмөгө 35 өлкөнүн скульпторлору катышууда. Иш-чаранын максаты – чет өлкөлүк

искусство адамдарын жергиликтүү түрк сүрөтчүлөр менен тааныштырып, тажрыйба алмашуу.

Көргөзмө Билкент университетинин искусство борборунда 20-октябарга чейин уланат.