Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты

Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, анда  издөөдөгү жарандар жана бузуулар тууралуу маалыматтардын базасы бар. Бул максатта жалпысынан 40 даана электрондук планшет таратылды. Милиционерлер бул жабдуунун жардамында издөөдөгү жаранды бат аныктап, зарыл… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.   Ал белгилегендей, экспорт CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашат. Анын алкагында 15 жылда 23 миллиард киловатт-саат энергия сатылышы керек. Эске салсак,… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин гидрометеорологдор суунун аз келүү мезгили башталганын билдиришкен.   Учурга карата башкы резервуарда 16 миллиард куб метр суу бар. Анын ортосунда Назаров белгилегендей, өлкөдө… Кененирээк…

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу жана аны өткөрүүдө ири каржылык бузуулар аныкталды

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу жана аны өткөрүүдө ири каржылык бузуулар аныкталды. Эсептөө палатасы 1 миллион 349 миң сом жетпей калганын билдирди. Айрым товарларды сатып алууда каражат багытсыз сарпталып, 37 огорку даражалуу конок мейманканаларга сынак өткөрүлбөй эле жайгаштырылган.   Ошондой эле, театралдык костюмдарды сатып алууда… Кененирээк…

Быйыл сот системасынын бюджети 35 пайызга көбөйдү

Быйыл сот системасынын бюджети 35 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты. Ага караганда, ушул жылга 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Соттор керектүү материалдык-техникалык ресурстар менен жетиштүү камсыздалууда, — деди Жээнбеков.

Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат

Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат. Маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты. Ага ылайык, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көнүл айтып жана төрт кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык… Кененирээк…

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты. Президентке берилген маалымат боюнча, акыркы 2 жылда Тартип комиссиясы 190 сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл… Кененирээк…

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милиция башчысы кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенип жатат. Эске салсак, 7-декабрда Ысык-Ата районунда жеңил машине айдап бараткан Чойбеков жүк ташуучу унаа менен бетме-бет абалда кагышкан.… Кененирээк…

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, аудиофиксация Бишкектин жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулду. Жалпысынан 80 залда аудио жана видеофиксация бар жана аларды орнотуу уланууда. Ал эми региондордо мындай көрүнүш жок», — деди… Кененирээк…

Гүлчөдө токко урунган аскер кызматкери каза болду

Гүлчөдө токко урунган аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирет. Белгилей кетсек, 4-декабрда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер – радио телефонист, ефрейтор радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган. Жабыркаган аскер Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө болчу