Чүй жана Жалал-Абадда 72 кызматтык батир берилет

Чүй жана Жалал-Абадда 72 кызматтык батир берилет. Бул долбоор Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүү багытында ишке ашууда. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азыркы учурда кызматтык турак жай менен 878 аскер кызматкери камсыздалды. Ушул жылдын аягына чейин дагы Чүй облусунун Ново-Покровка… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок

Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү ордо калаадагы 8 жаңы конушта тактоо иштерин жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында 404 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени белгилүү болду. Министрлик балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында ушул жылдын аягына чейин балдарга керектүү… Кененирээк…

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту чыгарды. Андан тышкары мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт, — деп өкүмдө айтылды. Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан мектептериндеги окуучуларга тамактануу уюштурулат

Кыргызстан мектептериндеги окуучуларга тамактануу уюштурулат. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамдын максаты билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу шарттарды түзүү болуп саналат.

2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат

2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Ага караганда, сыйлыктын суммасы 10 миллион сомго чейин жетиши болжолдонууда. Олимпиадага Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууну пландап жатат. Учурда биздин өлкөдөн балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов, жеңил атлет… Кененирээк…

Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» борбору системасын киргизди

Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» борбору системасын киргизди. Аталган агенттиктин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, курулуш архитектура боюнча керектүү  документтерди алууга мурда 180 күн кетсе, эми «Бирдиктүү терезе» борбору ишке кириши менен ал 50 күнгө кыскарды. Мындай борборлор өлкө боюнча Агенттиктин 55 аймактык мекемесинде… Кененирээк…

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт жана акча төлөбөйт. Министрликтен белгилешкендейдей, online аркылуу катталууну каалагандар көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейет.

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады. Бул маалыматты Кара-Буура айыл өкмөт башчысы Арген Бекболотов тастыктайт. Анын айтымында, райондун кире беришиндеги унаа бекетти оңдоо иштерине жергиликтүү демөөрчүлөрдөн, Талас облусун өнүктүрүү фондунан жана айыл өкмөттүн бюджетинен жалпы 2 миллиондон ашык каражат топтолду.

Парламентте өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа берүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Парламентте өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа берүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына 11 депутат кирди. Алар бөлүштүрүүчү энерго компаниялардын иши, электр энегриясын жоготуу көлөмүн көзөмөлдөшөт. Ошондой эле дебитордук карыз, коррупциялык схемалардын таасири, электр энергиясын эсептөөдө автоматташтырылган ыкманы колдонуу маселелерин карап чыгышат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ага караганда, 9-декабрдан баштап карыздар жөнүндө Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө маалыматты берүү боюнча сервис иштеп баштайт. Бул электрондук кызмат субъекттер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана кезекте туруу зарылдыгы… Кененирээк…