Алтын резервдин көлөмү 2 миллиард 432 миллион долларды түздү
Январдын аягында Кыргызстандын алтын резервинин көлөмү 2 миллиард 432 миллион долларды түздү. Улуттук банктын сайтында жазылгандай, бул 2002-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Белгилеп кетсек, Улуттук банк 31-январда доллардын курсун кармап туруу үчүн 31 миллион доллар саткан. Алтын валюта запасы Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүнчүлүгүн берет.