Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан ашты

Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан ашты. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суунун агып кириши секундасына 1 миң 594 метр кубду түзсө, 144 метр куб суу агып чыгууда.

 

Белгилеп кетсек, бир жыл мурда ушул күнү суу сактагычта 8 млрд метр кубдан ашыгырак суу бар болчу.