“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Белгилеп кетсек, Түмөнбаев бул кызматка 2020-жылдын октябрында дайындалган. Кийин эл аралык үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланганы аныкталган.