Унаа жана жолдор министрлиги жол куруу боюнча 11 долбоорду ишке ашырууда.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жалпы чыгым 10 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Курулуш иштери түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун беш тилкесинде, Бишкек-Ош унаа жолунун эки, Ош-Баткен-Исфана жолунун эки, Түп-Кеген жана Талас-Тараз унаа жолдорунда жүрүп жатат.
Долбоорлор эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен ишке ашырылат.