Ысык-Көл облусуна жарандар эч тоскоолдуксуз эле киргизилип жатат

Ысык-Көл облусуна жарандар эч тоскоолдуксуз эле киргизилип жатат. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облустук администрациядан белгилешкендей, буга чейин аймакка туристтер киргизилбей жатат деп социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Постто кадимкидей эле жарандардын дене табы текшерилип, алар өткөрүлүп жатат.

 

Ал эми пансионат, эс алуу үйлөрү туристтердин аты-жөнүн жана жеке маалыматын каттоого милдеттендирилген. Бул эрежелер 1-июнда киргизилген.